Чек арадан 7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткенде 7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-мартта Баткенде Ж.А.У. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндө товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.