Соодагерлер кайрадан ККМге каршы митингге чыгышты

Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтта базарда соода кылгандардын нааразылык акциясы уланууда. Катышуучулар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө киргизүүгө, электрондук накладнойлорду (ЭТТН) колдонууга жана соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы. Алар чекене соодага салык салуунун патент системасынан чыгууну талап кылышат.

Чогулгандардын алдына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев чыкты.

Эске салсак, буга чейин 2-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы аянтында базар жана дүкөндөрдүн соодагерлери дал ушунда эле талап менен митингге чыгышкан.

Акциянын катышуучуларына Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Ислам Кыдыргычев чыгып сүйлөйүн дегенде, ага тоскоол болуп, аны митингчилер угуудан баш тартышты.

WhatsApp Image 2023 03 10 at 11.51.31 Соодагерлер кайрадан ККМге каршы митингге чыгышты