Жапаров Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-мартта министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаровду кабыл алганын Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ушул жылдын январь айында Бишкекте жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери каралды.

Өзбек-кыргыз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө, экономика, соода, энергетика, транспорт жана логистика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле аймактар ​​аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

700x500xd0db223a f3cc 2275 66a4 fe4cb627fec6 lists slider 6021.jpg.pagespeed.ic.AE MYOuNo Жапаров Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолукту