Ысык-Көлдө кой уурдаган айдоочу кармалды

Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-мартында Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда, Тоң районунун Көңдөй участогунун кашарынан эки кой уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

“Ошол учурда, кызматкерлердин кыраакылыгынын натыйжасында, болжол менен саат 20:30 чамасында ак түстөгү “Subaru Forester” үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп текшерүү учурунда, 1999-жылы туудган О.Р. аттуу айдоочусу авто унаанын арткы багажнигине эки баш кой салып, уурдап бара жаткандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Бул кылмышка шектүү катары кармалган айдоочусу жана жүргүнчүсү Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.