УКМК: “Бишкекбашкыархитектуранын” бөлүм башчысы пара менен кармалды

      Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Министрлер Кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схема уюштурулган. 
      "Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору «Д.Ш.С.» кармалды”, – деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С. мыйзамсыз иштерди кылгандыгы боюнча маалыматтар алынган.
Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар көрүлүүдө.