Талас мэриясындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды, – деп билдиришти УКМКдан.

      Мекеменин маалыматына караганда, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.
      "Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 миллион сомун мамлекеттин кирешесине кайтарды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 миллион сом кайтарылган болчу.
      Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.
      Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.