Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда (В тайпасы) катары менен үчүнчү жеңишке жетти.
Кыргызстандык хоккейчилер Малайзиянын курамасы менен ойноп, аларды 22:0 эсебинде уткан.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойноого мүмкүнчүлүк алат.
Биринчи оюнунда кыргызстандык спортчулар Сингапурду 14:2, андан кийин Босния жана Герцеговинаны 10:1 эсебинде жеңген.
Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан мелдеш 27-февралда башталган, 5-мартта жыйынтыкталат.
Оюндардын жадыбалы:
- 3-март: Иран — Кыргызстан;
- 5-март: Гонконг — Кыргызстан.
![1666802.8596095cf4be6267a23aaa7a38ba8b07 Кыргызстандык хоккейчилер Малайзияны 22:0 эсебинде утуп алды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/1666802.8596095cf4be6267a23aaa7a38ba8b07.jpg)