Хоккей боюнча президенттин кубогунун ачылыш аземи өттү

“Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен улуттук спорттун тарыхында биринчи жолу турнирге “Кыргызстандын президентинин кубогу” жогорку статусу ыйгарылды.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамабетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

302217055 388022426822853 3806083154269850153 n Хоккей боюнча президенттин кубогунун ачылыш аземи өттү

Турнир үч жаш категориясында – 10, 13 жана 14 жаштагы балдар арасында өткөрүлөт. Катышуучулар АКШ, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан жана Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулардын курама командасынан турат