Кыргызстандын хоккейчилери Сингапурду жеңип алды

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы (В тайпасы) биринчи оюнунда Сингапурду утуп чыкты.

27-февралда өткөн беттеште кыргызстандык хоккейчилер атаандаштарын 14:2 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, ошондой эле, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойногоо мүмкүнчүлүк алат.

Оюндардын жадыбалы:

  • 1-март: Кыргызстан — Босния жана Герцеговина;
  • 2-март: Кыргызстан — Малайзия;
  • 3-март: Иран — Кыргызстан;
  • 5-март: Гонконг — Кыргызстан.