Дүйнө чемпиону аталган кыргызстандык хоккейчилер Кыргызстанга келди

Кыргызстандык хоккейчилер дүйнө чемпионатынан кайтып келишти. Кыргызстандын хоккей боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Михаил Чеканов жана спортчулардын учагы бүгүн, 7-мартта Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду.

Спортчуларды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, хоккейчилердин тууган-жакындары жана спорт күйөрмандары «Аксаамай» фольклордук ансамблинин музыкалык коштоосунда тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курамасы хоккей боюнча III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасында дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон.

Турнир 27-февралдан 5-мартка чейин Сараево шаарында өтүп, мелдеште Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина, Сингапурдун курама командалары күч сынашты.

Оюндун жүгүртмөсү:

Кыргызстан – Сингапур — 14:2;
Кыргызстан – Босния жана Герцеговина — 10:1;
Кыргызстан – Малайзия — 22:0;
Кыргызстан – Иран —18:0.

Чемпионатта жалпы беш оюн болуп, жыйынтыктоочу беттеште кыргызстандык спортчулар Гонконгдун курамасын 12:2 эсеби менен жеңишти. Бул алардын кийинки жылы өтүүчү үчүнчү дивизиондун “А” тобуна чыгууга мумкүндүк берди.

Беш раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы мүмкүн болгон 15 упайдан 15 упайына ээ болду. Жалпысынан команда 76 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберген.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы IV дивизиондогу командалар арасында дүйнө чемпионатын жеңип алган.