Депутат: “Кыргызиндустрия” ишканасы 1 миллиард сомго болгону топчу менен мык чыгарат

-Капиталы 1 миллиард сом болгон “Кыргызиндустрия” ишканасы болгону топчу менен мык гана чыгарат экен. Күлкүлүү, ошол эле маалда өкүнүчтүү көрүнүш, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Эл өкүлү өз сөзүндө: “Мына “Кыргызиндустрия” ишканасынын уставдык капиталы бир миллиард сом. Эмне деген акча? Бирок эч нерсе кылышпайт экен. Болгону топчу менен мык чыгарат экен. Мунун кимге кереги бар. Уят эмеспи. Президентти уят кылып бүттүңөр. Силердин саясатыңарды түшүнүп болбойт”, – деп нааразы болду.

Буга чейин «Кыргызиндустрия» ААК жылына 50 млн топчу чыгара турган «Кыргызтопчу» ЖЧКсын ишке киргизүүгө даярданып жатканын билдирген. Бул үчүн учурда Бишкектеги штамптоочу заводдун №16 цехинин имараты оңдолууда.