“Караван” соода борборунун жанындагы казылган котлованга дубал түшүп кетти

Бишкек шаарында “Караван” соода борборунун артында Сыдыков көчөсүндө көп кабаттуу имарат куруу менен болгон жаңжал басаңдабай келет. Буга чейин жергиликтүү тургундар котлован казуу учурунда кошуна бийик имараттын пайдубалынын бир бөлүгү иш жүзүндө “абага илинген” бойдон турат деп нааразы болушкан.

Мамкурулуш комиссиясы ошол учурда келип, текшерип: “казуу токтотулду, турак жайдын пайдубалын бекемдөө боюнча иштерди баштоо буйрук кылынды”, – деп билдирген болчу.

Бирок, кечээ, 2-мартта казылган чуңкурга дубал тосмо түшүп кеткен. Тургундардын айтымында, тосмо кулаганда алардын үйү силкинип кеткен.

Бишкек шаарын 2008-2010-жылы башкарган мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк ал «Мүлк» ишканасына берилген.

Ал эми быйыл «Караван» соода борбору кайрадан Нариман Түлеевге кайтарылган.