Эдил Байсалов минген унаанын номурлары башка унаага таандык болуп чыкты

Буга чейин Bulak.kg редакциясына күбөлөр тарабынан Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдында тротуар менен кетип бараткан тасма тартылган.

Окуя бүгүн, 2-мартта кечке жуук болгон. Видеодо Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов минген унаанын айдоочусу жол эрежесин одоно бузуп жаткандыгы даана байкалат.

Биздин редакция Эдил Байсаловдун унаасын текшерип көрдү. Натыйжада аталган унаанын номурлары башка болуп чыкты.

Эдил Байсаловдун унаасындагы номер Carchek сервисинде Land Rover үлгүсүндөгү унаага катталган. Ал эми видеодогу Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаага тагылганы буга далил.

image Эдил Байсалов минген унаанын номурлары башка унаага таандык болуп чыкты

(103) Эдил Байсалов жасалма номурлуу унаа айдайбы? #акыркыжанылыктар #жанылык #кыргызстанжанылыктары – YouTube

YouTube video