Сулайман-Тоодон таш кулап, турак үйдүн дубалын тешип кеткен

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунан таш кулап, үйдүн дубалын тешип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Таштын кулашына туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын себеп болгондугу айтылат.

«Таш-Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип кеткен. Үйдүн ээси куткаруучуларга 24-февралда кайрылган. Анын негизинде жерине сегиз куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти», — деп айтылат маалыматта.