Сулайман-Тоо музейи эки айга жабылат

Сулайман-Тоо музейи 5-июлдан тарта 28-августка чейин жабылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Маалыматка караганда, музейдин башкы имаратында жана экспозиция залында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу жабылат.

Ошол эле учурда, Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейинин жумуш убактысы 08:00-20:00го чейин узартылат. Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор 08:00-21:00 сааттар аралыгында иштейт.