Бажы кызматы бургулоочу машиналар боюнча мыйзам бузууну аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жыл аралыгында Түркиядан «П.С.С.И.Т» ЖЧКсынын дарегине «PD 500» үлгүсүндөгү 6 бургулоочу машиналар келген жана алар «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.

Бирок кийинчерээк аталган жол-жободо каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 млн 503 миң 340 сом зыян келтирилген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.