Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораторияга жиберилет

Баткен мамлекеттик университетинин демилгеси менен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Кызыл-Кошуун өрөөнүндө археологиялык казуу иштери жүрдү.

Окуу жайдын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Акжол Кадыров «Азаттыкка» билдиргендей, изилдөө иштеринин жүрүшүндө 1-4-кылымдарда жашаган адамдар колдонгон кумура, темир бычак, канжар, курдун тогосу, адамдардын сөөгү табылды.

«Бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Ал жакта радиоуглероддук лабораторияларда антропология, геология, биология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр так чыгарылат. Табылгалардын датасын аныктоодо 10-20 жыл айырма болушу мүмкүн. Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталат. Азыр казуу иштерин убактылуу токтотуп, мыйзам талабына ылайык казылган жерлерди рекультивация кылдык. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда күзүндө кайра казуу иштери уланышы мүмкүн», — деди Кадыров.

Археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн аймакта көрүстөн, мүрзө, архитектура, турак жай, петроглифтер бар. Казуу учурунда табылгалардан өзгөчө эки сөөк бири-бирине ыктаган абалда, кабыр азыктары кошо көмүлгөнү белгилүү болгон. Бул көрүнүш алдын ала болжол боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш. Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык, биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мактым-Гөрү” көрүстөнү казылган.

БатМУ тарабынан жүргүзүлгөн казуу иштери Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун археология бөлүмүнүн башчысы тарых илимдеринин кандидаты, профессор археолог Кадича Ташбаеванын жетекчилиги астында Батыш Чехия университети менен биргеликте жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин археологиялык изилдөөлөр үчүн Батыш Чехия университети менен БатМУ, илимдер академиясынын үч тараптуу келишими түзүлгөн.

6f948055 8b9b 494e ae36 c1c8cecaf677 Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораторияга жиберилет