Кыргызстанга унааны мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысы өлкө аймагына унааны мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады.

Бажы кызматынан билдиришкендей, 11-майда Бириккен Араб Эмираттарынан Б.Б.И. аттуу жарандын дарегине 2016-жылы чыгарылган Lexus-NX200T үлгүсүндөгү унаа келген. Көрсөтүлгөн унаага бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда унаанын чыгарылган күнү 2016-жылдын сентябры деп көрсөтүлгөнү аныкталган. Бажы төлөмдөрү чыгарылгандан тартып 6 жыл өткөн унаа катары эсептелген.

Бирок, Carfax расмий сайтында жазылгандай, Lexus-NX200T унаасы 2016-жылдын апрель айында чыгарылган, башкача айтканда, чыгарылгандан бери 7 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, тиешелүү бажы төлөмдөрү башка чен менен эсептелиши керек болчу.

Бул факт боюнча төлөнбөгөн төлөмдөрдүн айырмасы 342 миң 478 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.