Баткенде аткезчилик жол менен өрүк ташып келүү аракети бөгөттөлдү

Баткенде аткезчилик жол менен өрүк ташып келүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамдуулугун ырастоочу товар коштоочу документтери жок, данеги менен кургатылган өрүк ташып келүү фактысы аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 561,35 кг, баасы 84 миң 202 сомду түзөт. Факт КБР МЭЖ АДСда катталган.

Материал боюнча жалпы суммасы 45 миң 30 сом айып санкциялары жана тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.