Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары музейге барышты, – сүрөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Зироатхон Хошимова Бишкектеги Улуттук тарых музейине барышты. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи айымдар маданият чѳйрѳсүндѳ чоң иштерди аткарып келе жаткан илимий институт – тарых музейинин экспозициясындагы ата-бабалардын жана түрк дүйнѳсүнүн түптүү тарыхын ачып кѳрсѳткѳн, түпкү булактык башат болгон уникалдуу коллекцияларды ѳтѳ кызыгуу менен кѳрүп чыгышкан.

327113200 697870878475171 1210430715138099992 n 1080x630 1 Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары музейге барышты, - сүрөт