Боом капчыгайында 16-майдан 20-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

0
11

Боом капчыгайында 16-майдан 20-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

“Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.