Бишкекте эс алуу багында эркек киши асынып алды

Бишкекте эс алуу багында эркек киши асынып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкектин Ала-Арча жана М.Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуу багында 1974-жылы туулган М.у М. аттуу эркек адамдын бакта асылган сөөгүн түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине алты куткаруучу тартылган.