Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир жаран каза болду

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

279633620 375379551301444 2191132839175866943 n Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир жаран каза болду

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.