Боомдогу өрт өчүрүлүүдө

Жол жээгиндеги тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-майда Балыкчы — Бишкек жолунун жээгинде чыккан өрткө кошумча саат 22:30да «Балыкчы» суу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 00:30да чектөөгө алынып, жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн дан 1 күжүрмөн эсеп Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан. Ал эми буга чейин иштеп жаткандар туруктуу орундарына кайтышкан.

Бүгүн жерине таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер жана Көк-Мойнок а/а 3 кызматкер тартылды.

FB IMG 1683517202060 Боомдогу өрт өчүрүлүүдө