Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды

Ржев шаарында 7-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган.

Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган.

“Биздин эр жүрөк кыргызстандык жоокерлерибиз, каардуу жана кара мүртөз душманга каршы жан аябастан эр жүрөктүк менен салгылашып, өз Мекенин коргоп калышкан. Согуштун оор деми тийбеген үй-бүлө жок. 9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек”, деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык, же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекедешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскердик ордендер менен сыйланган, анын ичинен 74 Советтер Союзунун Баатыры, 21 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

“Кыргызстандыктар фронттордо эрдик менен гана салгылашпастан, оорукта дагы зор салым кошушкан. Кыргызстанга ондогон ири заводдор эвакуацияланган. Бул заводдордо жана фабрикаларда жалпы жеңишти камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлгөн”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров каза болгондордун ысымдарын кайтарып, урпактарына, жакындарына үмүт, сыймык тартуулап жаткан издөөчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдиктери жана курмандыктары Кыргызстан менен Россиянын элдеринин эсинде жалпы Жеңишке кошкон баатырдык салым катары кала берерин белгиледи.

Ал бул Мемориалдык эстелик жаркын келечек үчүн күрөшкөн бардык баатырларга түбөлүк ыраазычылыктын символу катары кызмат кыла тургандыгына ишенемин билдирди.

Өз сөзүн мамлекет башчысы мемориалдык эстеликке чегилип жазылган сөздөр менен аяктады: “Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн салгылашууларда курман болгондорго түбөлүк эстелик жана даңк. Курман болгон, бирок жеңилген эмес”.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин казак жоокерлеринин мемориалына да гүл коюшуп, алардын элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

dos 7001 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 20 59 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды


photo 2023 05 07 22 21 01 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 21 04 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 21 00 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 20 55 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 21 05 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды
photo 2023 05 07 22 20 55 1 Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды