Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Тергөө кызматы тарабынан мыйзамсыз кирешелерди адалдоого шектелген фармацевтикалык компания аныкталган. Кыргызстандын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн аталган фармкомпаниялар тармагы аркылуу дарыканаларда дары-дармектердин айрым түрлөрүн сатышкан. Дары-дармектерди сатуудан түшкөн акча жашырылып, мындай операциялар бухгалтердик эсепке алынган эмес.

vyyavlena farmatsevticheskaya ko 1 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

17 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
4 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
photo 2023 05 08 09 04 08 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
photo 2023 05 08 09 04 09 5 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
image 11 5 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
19 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
18 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
13 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды
3 Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкандыгы, ошондой эле, бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталган. Кыргызстанда «RV» жана «RO» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары 2018-жылы катталган. Ишмердүүлүгүнүн түрү фармацевтикалык товарларды дүң сатуу болуп эсептелет. Анын негиздөөчүсү жана жетекчиси 1987-жылы туулган Азербайжандын А.Э. жараны болуп саналат.

«Жогоруда аталган фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен дарыгерлердин ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Алар бейтапарды «жогоруда аталган фирмалардын» дары-дармектерин сатып алууга ынандырышкан. Акыр-аягы, медицина кызматкерлери сатылган дары-дармектердин наркынан «пайыздарды» алып келгендиги аныкталган. Көрсө, айрым дарыгерлер өздөрү дары-дармектерди сатууну ишке ашырууну көздөп, оорулуу жарандарга жогоруда аталган компаниядан сатып алууну сунушташкан», — деп билидрет министрлик.

ИИМден билдиришкендей, фирма жайгашкан даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө «RO» жана «RO» ЖЧКларынын директору А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери Ц.Л. кармалган. Алар бир айга камакка алынган.

«Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.Фармацевтикалык компаниянын мындай аракеттери өлкөнүн калкынын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын, ошондой эле мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна доо кетирерин белгилей кетүү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

YouTube video