Президенттик оркестрдин артисттери кызматтан кетишти

Президенттик “Манас” камералык оркестринин негизги мүчөлөрү көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев менен бирге кызматтан кетишти.

Эрнис Асаналиев коомчулукка расмий кайрылуу жасады. Ал белгилегендей, концерттердин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу угармандарга билдирүүнү өзүнүн милдети деп эсептейт.

Көркөм жетекчинин айтымында, оркестрдин администрациясы менен пикир келишпестиктен улам команда отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Асаналиев белгилегендей, оркестр түзүлгөн 20 жылдын ичинде профессионалдык жактан абдан өстү. Анын айтымында чыгармачыл адамды чектебеш керек, эгер андай болсо анын чыгармачылыгы токтоп калат дейт.