Райымбек Матраимовдун өнөктөшү Хабибулла Абдукадырдын компаниясынын учагы Бишкекке учуп келди

Райымбек Матраимовдун өнөктөшү Хабибулла Абдукадырдын компаниясынын учагы Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу журналист Болот Темиров Twitter баракчасына жазды.

Анын айтымында, Дубайдан келген учак 10-майда саат 19.15те «Манас» аэропортуна консо, 20.15те учак Алматыга учуп кеткен.

«Учактын сүрөтүнөн биз анын Hyper Partners компаниясына таандык экенин түшүндүк. OpenDemocracy басылмасынын иликтөөсүнөн анын ээси Хабибулла Абдукадыр экени белгилүү болду. Бул киши Райымбек Матраимов менен бирге Кыргызстандан акча алып чыгып, контрабанда боюнча журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган», — деп жазат Темиров.

Белгилей кетсек, Хабибулла Абдукадыр кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөнүн каармандарынын бири.