ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрүнүн ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

2022-жылдын 12-майында Кыргыз Республиканын ички иштер органдарын реформалоону баалоо үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү 5 күндүк иш сапарынын алкагында милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги ЕККУнун өкүлдөрү – Полициянын ишмердигинин стратегиялык маселелер бөлүмүнүн башчысы Сами Рюханен, полициянын ишмердүүлүгү боюнча кызматкерлер Эдуарда Локотунин, Бьёрн Торэ Салтвик, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун адам укуктары боюнча кызматкери Изабелла Хартвик, Бишкектеги ЕККУнун кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, бүгүнкү жолугушуу жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн өз ара кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныктоого мүмкүндүк берерин белгилеп жана ЕККУнун өкүлдөрүнө билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнүн ар кандай аспектилеринде бүгүнкү күнгө чейин көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

WhatsApp Image 2022 05 12 at 15.03.44 1 ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрүнүн ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Андан соң, келген коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышып, ИИМдин Академиясынын музейине экскурция уюштурулуп, ардактуу коноктор китебине каалоо тилектер менен коюу аземи болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 05 12 at 15.03.44 ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрүнүн ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы