Талант Мамытов Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге Ашхабад шаарындагы Конституция монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Борбор Азия мамлекеттери менен РФ парламенттер аралык алгачкы форумуна катышуу үчүн Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарына барган.

Иш сапардын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр мерчемделип, анын ичинен төрага Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Межлис төрайымы Гүлшат Маммедова менен жолугушары күтүлүүдө.

Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.