Аялы менен алты айлык баласын ур-токмокко алган жаран камакта калды

Бишкекте аялы менен алты айлык баласын ур-токмокко алган жаран камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 26-апрелге чейин камакта болот.

Эске салсак, 25-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкектин жашоочусу арыз менен кайрылганын кабарлаган. Анын айтымында, күйөөсү мас болуп келип, алты айлык баласы экөөнү катуу сабаган.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Свердлов райондук соту аялы менен алты айлык баласын катуу сабаган деп шектелип жаткан 35 жаштагы шаар тургунун 26-апрелге чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.