Министрлик кант диабетине каршы дарыны 200 миллион сомго сатып алат

2023-жылга кант диабетине каршы дары-дармектерди жана ага тиешелүү каражаттарды сатып алууга 200 миллион сом каралган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда дары-дармектерди сатып алуу иштери жүрүп, Эндокринологиялык борбордун арызына ылайык техникалык шарттар даярдалууда.