Абдыкадыров: Бетон жана арматураны үнөмдөгөн курулуш компаниялары бар

Бишкектеги үйлөр күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук берет, – деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 1-марттагы маалымат жыйынында.

«Биздин үйлөрдүн курулуш сапаты жакшы, абдан жакшы. Ар кандай курулуш компаниялары бар. Ири курулуш компаниялары эртеңки күндү ойлошот. Документтер жүз жыл сакталышы керек, эсептөөлөр бар, алар экспертизадан өткөн. Бирок чакан ишканалар да бар. Куруучу эместер үй салып баштаганы тууралуу маалымат бар. Айрымдар жоопкерчиликти түшүнсө, кээ бири түшүнбөйт», – деди мэр.

Буга мисал катары Абдыкадыров арматуралар экспертизадан өтүп жатканын айтты. «Бетондун сапаты да текшерилет. Үйлөрүбүздүн каркасы, конструкциясы жакшы», – деди ал.

Бирок мэр бетон жана арматураны үнөмдөгөн курулуш компаниялары бар экенин моюнга алды.

– Бирок мунун баары текшерилип жатат, – деп ишендирди.