Тазабек Икрамов: Кортеждин айынан жол тыгыны жаралууда

Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Жогору жактагылардын кортеждери таң эрте, эл жумушка чыга электе жана кечкисин көпчүлүк эл жумушунан үйүнө жеткенден кийин, саат 8дерде чыкса болот эле. Жолду кайгуул кызматкерлери менен тосуп, элге ыңгайсыздык жаралууда. Жумуштан кийин Манас жана Айтматов проспектилеринде жүрүү болбой калды.

Көпчүлүк жарандарды эске алып, кортеж маселесин чечип берсек туура болмок”, – деди депутат.

YouTube video