Икрамов: Өкмөт карыз сурап жатса, бул жакта алтынды килограммдап, тонналап уурдап жатышат

Бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов контрабандалык жол менен кармалган 84 килограмм алтын боюнча пикирин билдирди.

“Биздин өкмөт Америкага барып, эл аралык донорлордон карыз сурап жүрөт. Ал эми бул жакта алтынды килограммдап, тонналап уурдап жатышат. Спортчуларыбыз граммдап алтын ташып келип жатса, минтип уурдап жатканы кейиштүү.

Бул 84 килограмм кармалып калганы гана, кармалбаганы канча – билбейбиз. Ушул алтындын артында ким тура,т аныктаңыздар”,- деди Икрамов.