Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды

Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулукка шектүү делип Нарын облусунун тургуну, Каракол шаарында убактылуу жашаган 43 жаштагы Ж.Б. кармалды.

“Белгисиз жарандар жарандардын турак жайларына кирип, негизинен тиричилик техникаларын, баалуу буюмдарды жана ар кандай үй эмеректерин уурдап кетишкен. Кылмышка шектүүнүн изине түшүү үчүн, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлерине дээрлик жарым жыл талап кылынды.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жарандын жана анын тааныштарынын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда уурдалган 40тан ашык буюм табылып алынды, алардын бир бөлүгү жабыркаган арыз ээлери тарабынан танылып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Шектүү 18 батирдик уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Шаардык соттун чечими менен шектүү камакка алынды.

74f4398e ff03 4f4e b377 b57ce089d608 Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды
36cab07e d3da 409f ae80 48a8a2091de0 Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды
66203210 f4e5 431b 91c1 8619b3676b05 Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды
skrinshot 20 04 2023 102114 Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды