Тазабек Икрамов сөгүнгөндөргө 100 миң сомго чейин айып салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүшкөн жарандарга 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлдөрү парламентарий Жамиля Исаеванын социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында балдарга зыяндуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатышат.

«Тик-Токто сөгүнгөн сөздөр көп. Маданият министрлиги кайда карап калды? Мүмкүн болсо балдарга зыян келтирүүчү нерсеге тыюу салуу керек. Фейсбукта жана Тик-Токто уят сөздөрдү колдонгондор 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка тартылышы керек”, — деди Икрамов.