
Бишкек – Ош унаа жолунун 178 чакырымында унаа кырсыгы катталды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, «Тайота-Альфарт» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам ошол жерде каза болду, кийин дагы эки адам көз жумганы кабарланды.







