Москвада мекендештерин опузалаган кылмыштуу топ кармалды

Москва шаарынын аймагында опузалап талап кылуу жана өз мекендештерин уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-майында Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын 37 жаштагы жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетишип, акча талап кылып жатканын билдирген. Кыргызстандын жараны 1998-жылы туулган А. уулу Н. туугандарынан жана тааныштарынан 150000 рубль которууну суранган. Ошол эле учурда анын кайда жүргөнү белгисиз болгон.

Бул факты ички иштер органдарында укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.

«Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен эркине каршы мыйзамсыз камап турушкан жогорудагы уурдалган жаран А. уулу Н. табылган. Бул кылмыш ишине шектүү катары адамды уурдоо, опузалап талап кылуу жана карыздарды өндүрүү менен алектенип келишкен алты адам кармалган. Бардык кармалгандар Кыргызстандын жарандары болгон. Алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары: 1996-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган Т. уулу А., 1997-жылы туулган М. уулу Э., 2000-жылы туулган Ы. Б., 1999-жылы туулган Ж. Р., 2001-жылы туулган Б. уулу А.. Ошондой эле, бул батирден кылмышкерлер өз эркине каршы камап турушкан Кыргыз Республикасынын жараны 2000-жылы туулган Н.Д. да табылган. Кылмышкерлер андан 300000 рубль талап кылышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Аныкталгандай, экөөнү тең сабашып, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан. Бул факты боюнча Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү (Эркинен мыйзамсыз ажыратуу) 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) жана 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылды.

Z 6 Москвада мекендештерин опузалаган кылмыштуу топ кармалды
Z 5 Москвада мекендештерин опузалаган кылмыштуу топ кармалды
Z 4 Москвада мекендештерин опузалаган кылмыштуу топ кармалды
Z 3 Москвада мекендештерин опузалаган кылмыштуу топ кармалды