УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды

УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.
Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды.
Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн.
Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.
Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн.
2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алышкан.
Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

04b38bf2 23ab 4a51 b443 129da0caa5d1 УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды
0d6d55ca 5070 4d33 8b4c 74d39d6d2084 УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды
19dbe4fb ecf9 4c3b b2de d8180bb6ddba УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды
fe3805a9 4a40 4033 aea9 54b79955c30b УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды