Тазабек Икрамов: “Коррупционерлердин колу-бутун кесиш керек”

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупцияга аралашкан адамдарды кызматка албоо боюнча өз пикирин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, “учурда кылмыш ишине аралашкандар соцтармактарда акыл үйрөтүп отурушат”. Буга чейин таза эмес иштегендерди жана алардын балдарын жумушка албоо боюнча сунуштар берилгенин айтты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага “уулу атасы үчүн жооптуу эмес, тууганы тууганы үчүн жооптуу эмес” деди.

“Чындыгында, паракорчулукка катышкандар көп, бирок сотто иш башка натыйжа менен аяктайт. Кылмыш кодексинде иш-аракетсиздиги үчүн мамлекеттик кызматчы жооптуу экени айтылат. Ар бир адам кызматка барат, иш-аракетсиздик жазаланат деп ойлобойт. Биз анын иш-аракетсиздигин баалоого тийишпиз”, – деди Зулушев.

Икрамов белгилегендей, “бул нерсени токтотуу керек, коррупцияга аралашкандардын кол-бутун кесиш керек” деди.