УКМК: Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган

      КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
      "Бул аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.
      Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
      Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
WhatsApp Image 2023 04 13 at 08.05.41 1 УКМК: Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган