Милиция кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти

Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-апрелинен 9-апрелине чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн. Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул спорттук иш-чарада 90+ салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны Максатбек Пирматов, ал эми 3-орунду полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын Баткен облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкери милициянын старшинасы Ырысбек Зайиров ээлешти.
Дүйнө кубогунда ийгиликтерди жараткан кызматкерлерибизди куттуктап, кызматында чоң жетишкендиктерди каалайбыз.

WhatsApp Image 2023 04 13 at 08.06.17 1 Милиция кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти
WhatsApp Image 2023 04 13 at 08.06.17 Милиция кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти