Экономика министринин орун басары: “Мирлан Бакиров өтө жооптуу тармакка барат”

Мирлан Бакиров жакында өтө жооптуу кызматка дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министринин орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Жыйында бир катар депутаттар Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулгандыгынын себебине кызыгышты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жаңы төрагасы жыйынга катышышы керектигин айтып, Мирлан Бакиров сыяктуу кадрларды өкмөт пайдаланышы керектигин белгиледи.

“Жакынкы арада Мирлан Бакиров өтө жооптуу тармакка барат”, — деп жооп берди Амангелдиев.

Буга чейин Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулганы жана тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.