Жалал-Абадда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

       Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлган.
       "Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
       Такталган боюнча, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ, 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн анда жер амнистиясы каралган.
       Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат. 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.