Мыйзам кабыл алынды: Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт

Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында «2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев белгилегендей, фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана арттыруу максатында уюштурулат.

Баяндамачы Азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына кошкон салымы 25 млн АКШ долларын түзөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, жыйында “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.