ВИДЕО: Бишкекте чет элдик жаранды пранкка салган адам кармалды

Бишкекте чет элдик жаранды шакаба кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Бишкектеги жер төлөө өтмөгүндө чет элдик жаранга тийишип, шакаба чеккен жарандын видеосу тараган.

Милициядан белгилешкендей, аталган факт Биринчи май райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, О.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

«Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, текшерүү аяктаганда, юридикалык баа берилип, кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.