Өлкө боюнча «Бахус» рейди өтүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери өлкө боюнча «Бахус» рейдин өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, рейддин максаты — жол транспорттук тартипти жакшыртуу, жол кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Иш-чара 27-февралга чейин уланат.

«Рейддин жүрүшүндө укук коргоо органдары мас абалында унаа башкаруу, тонировкалоо, автобейбаштык, ылдамдыкты жогорулатуу жана жасалма мамлекеттик номур тагылган унааны башкаруу сыяктуу эреже бузууларга басым жасалууда», — деп белгилейт башкармалыктан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.