“Башка балдарды сактап калгыла”: Россияда түрмөдө отурган дагы бир кыргызстандык Украинада каза болду

Россиядагы түрмөлөрдүн биринен «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Эрлан Эрмеков каза болгону белгилүү болду.

Бул тууралуу маркумдун апасы Гүлнара Закирова “Азаттыкка” кабарлап, баласы бейкүнөө соттолуп кеткенин айтууда. Апасы суук кабарды 20-февралда уккан.

«Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, башка балдарды сактап калгыла”, — деген апасы.

30 жаштагы Эрлан Эрмеков «тоноо», «зордуктоого» айыпталып 2019-жылы соттолгон. Эрлан соңку бир айда Украинадагы согушта набыт болгон төртүнчү кыргызстандык. Төрттөө тең Россиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, орус жарандыгын алышкан эмес. Ушундан улам бир катар ата-энелер орус түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин эртелетип чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранып жатышат.