Ала-Арча капчыгайында чет элдик 2 жаран буттарын кокустатып алган

Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында эки чет элдик турист аял буттарын кокустатып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 21-августта ӨКМге Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Украинанын 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерде Чехиянын 71 жаштагы К.Д. аттуу жараны буттарын кокустатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 кызматкер тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин Украина өлкөсүнүн жаранын «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери «тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткиришкен.